Азыркы жана келечек муундар үчүн байыркы Өзгөндүн маданий мурасын сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу.
«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу 2022-жылдын 22-мартындагы №151 токтомдун негизинде түзүлүп, штаттык саны 19 бирдикти түзөт. Анын курамына Өзгөн шаарындагы маанилүү археологиялык жана архитектуралык эстеликтер кирет.
Баштапкы токтомго ылайык, Өзгөн шаарындагы археологиялык эстеликтер болуп эсептелген 3,5 га коргоо зонасы менен үч мавзолей, мунара жана үч шахристан жайгашкан жер участокторун музей-коруктун балансына өткөрүп берүү менен сактоо, калыбына келтирүү жана музейлештирүү боюнча иштерди жүргүзүү каралган.
2025-жылдын 30-октябрындагы №709 токтом менен тиешелүү өзгөртүүлөр жана тактоолор киргизилген. Такталган чечимге ылайык, музей-коруктун балансына төмөнкү объекттерди өткөрүү каралган:
💡 Бул объекттерди сактоо, реставрациялоо жана музейлештирүү — музей-коруктун негизги милдеттери.
Музей-корук аймагындагы эстеликтер Орто кылымдардагы Өзгөн шаарынын архитектуралык, маданий жана саясий өнүгүүсүн чагылдырган баалуу мурас болуп эсептелет. Алар Фергана өрөөнүндөгү шаар маданиятынын жогорку деңгээлин көрсөтүп, аймактын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт.
Азыркы жана келечек муундар үчүн байыркы Өзгөндүн маданий мурасын сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу.
Байыркы Өзгөндүн маданий мурасын илимий изилдөө жана документтештирүү
Экспонаттарды келечек муундар үчүн талаптагыдай сактоо жана реставрациялоо
Көргөзмөлөр, басылмалар жана санариптик ресурстар аркылуу маданият менен тарых жөнүндө билимди жайылтуу
«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
Юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланс, мөөр жана бланктарга ээ. Уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.
Музей-коруктун аймагында тарыхый-маданий жана жаратылыш мурастарын сактоо үчүн өзгөчө коргоо режими киргизилген. Мурастарга зыян келтире турган иш-аракеттерге тыюу салынат.