#12
Өзгөн шаарынын Токтогул көчөсүндөгү, 2000-жылдарга чейин иштеп келген мончонун качан курулгандыгы тууралуу так маалымат жок. Бүгүнкү күндө мончонун сырткы көрүнүшү толугу менен өзгөрүп кеткен. Ички бөлмөлөрүнүн жайгашуусу, фундаменттери жана куполдорунун эски көрүнүштөрү сакталган. Жашы улуу адамдардын айтуусуна караганда, алардын чоң аталары да мончонун качан курулгандыгын так айта алган эмес. Археологдордун изилдөөлөрүнө ылайык, мончонун дубалдарынын төмөнкү бөлүктөрү жана супалары орто кылымдарга таандык кыштардын үлгүлөрүн сактап келген. Мончо жергиликтүү маанидеги тарыхый баалуулуктардын катарына кирген жеке менчик мүлк болуп эсептелет.