#11
Ооздон оозго жеткен маалыматтарга караганда, Калта мунара Кара-Дарыянын сол жээгиндеги Шералы айылынын чыгыш жагында, Төөчү адырынын түндүк капталынын этегинде, мунара менен Орто-Коргондун тушундагы кечүүнүн жанында жайгашкан. Өзгөн мунарасы менен Калта мунарадагы күзөтчүлөр бири-бирине түнкүсүн от жагып, белги берип турган. Келген кербендер Калта мунаранын астындагы кербен сарайда Кара-Дарыянын суусу тартылып, кечүүнүн ачылышын күтүп турушкан. Бүгүнкү күндө бул жер талкаланып, жок болуп кеткен жана мазарга айланган.