#10
Мазар Өзгөн шаарынын Үч-Дөбө кварталында жайгашкан. Ал жердеги бейит башына коюлган 2 таш кайрактагы эски араб жазуусундагы маалыматтар жана жергиликтүү элдердин уламыштарынын негизинде изилдөөчү, археолог В. Д. Горячева мазарды «Ажали Сарахсий мазары» деп атаган. Кайрактардын бири жоголгон. Азыркы Иран менен Түркмөнстандын Мешхед жана Мерв шаарларынын ортосунда жайгашкан байыркы Сарахс шаарында 1009-жылы төрөлгөн Абубакр Мухаммад бин Аби Сахл Ахмад ас-Сарахсий 1090-жылга чейин Өзгөндүн өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп жашаган. Ал Шамсул Аимма ханафий мазхабындагы ислам укугу (фикх) илими боюнча белгилүү аалым болгон. Бухарадан чакыртылган Имам Сарахсий бийликти иштебей жаткан мыйзамдары үчүн сынга алган жана шариятка туура келбеген талаптарды кубаттап фатва берүүдөн баш тарткан. Натыйжада аалым 14 жыл зынданга ташталган. Камакта 30 томдук «Ал-Мабсут» китебин шакирттерине оозеки айтып жаздырган. Камактан чыккан соң дагы 12 китеп жазган.