#2
Белгилүү тарыхчы жана географ Жамалиддин Карший (XIII кылымдын аягы — XIV кылымдын башы) «Мулхакат ас-сурах» эмгегинде Өзгөн шаары X–XII кылымдарда Караханийлер мамлекетинин маанилүү саясий жана административдик борбор шаарларынын бири болгонун баса белгилейт. Өзгөндү ислам маданиятынын борбору, илим-билим, ислам окуулары жана архитектурасы өнүккөн шаар катары сүрөттөп, шаарда мечиттер, медреселер жана күмбөздөр болгонун жазып калтырган. XX кылымдын 80-жылдары Өзгөн мунарасынын түштүк тарабында археологиялык казуулар жүргүзүлгөн жана орто кылымдарга таандык медресенин пайдубалынын жана дубалдарынын урандылары табылган. Бул урандылар убактылуу топурак менен консервацияланган.