#4
1960-жылдары Өзгөн шаарында тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзгөн археолог В. Д. Горячеванын аныктамасы боюнча, биринчи шаар чалдыбары катары эсептелген жай — шаардын батышындагы дөңсөө болуп, орто кылымдарда мечиттер жана медреселер жайгашкан, аалымдар жана таалим алуучулар жашаган шаарча болгон. Бул шаар чалдыбарынын Кара-Дарыя жактагы эңкейишинде XI–XII кылымдарда жашап өткөн, Мавераннахрда Ислам динин таратууга чоң салым кошкон дин аалымы Шейх Сеид Бурханиддин Кылычтын сөөгү жайгашкан, мазары сакталып калган. Мындан тышкары, I чалдыбарынын түштүк-чыгыш жагында элден акы албай Кара-Дарыядан өткөрүү кызматын аткарып, сый урматка ээ болгон Шамси Каттал Валийдин мазары жайгашкан. Тилекке каршы, бул тарыхый жай бузулуп кеткен.