#5
II шаар чалдыбары Өзгөн шаарынын түштүк жагынан кирүүчү Ош–Бишкек жолунун сол жагындагы дөбөдө, азыркы Тынчтык эс алуу паркынын ордунда жайгашкан. Илимпоздордун маалыматына караганда, бул дөңсөө орто кылымдарда Өзгөн шаарынын башкаруучуларынын иш жүргүзгөн ордосунун кызматын аткарган. Ошондой эле ал башкаруучулардын үй-бүлөсү жашаган коопсуз жай катары эсептелген.