#6
Орто-Коргон — Өзгөн шаарынын түштүк жагынан кирүүчү Ош–Бишкек жолунун оң жагындагы дөбөдө жайгашкан байыркы чептин орду. Ал жерде шаардын башкаруучулары жана коргоончу аскерлердин негизги бөлүгү жайгашкан деген маалыматтар бар. Археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында орто кылымдарга таандык предметтер, зындан жана башка курулуштардын урандылары табылган. Өзгөн шаары жана Орто-Коргон чеби тууралуу Могол дөөлөтүн негиздеген Захириддин Мухаммед Бабур XVI кылымдагы «Бабур-наме» эмгегинде: «Бул шаар мурун Фергананын борбору болгон – жакшы чеп» деп эскерүү калтырган. Бул дөңсөөнүн чыгыш жагында элди дары чөптөр менен дарылаган табып Мусаапыр атанын мазары жайгашкан.