Башкы бет Музей жөнүндө Тарыхый жерлер Экспонаттар Виртуалдык тур Аудио гид Билеттер Иш-чаралар Кызматкерлер 🔍 Издөө
KY RU EN

Өзгөн арык

Өзгөн арык #7
📅 Доору V–IV кк. б.з.ч.
📍 Жайгашкан жер 37 км узундук, шаардын борбору
🏆 Статусу Республикалык маани

Өзгөн шаарынын борбору аркылуу чыгыштан батышка карай агуучу сугат каналы — аалымдардын изилдөөлөрүнө караганда, биздин доордон мурунку V–IV кылымдарда казылган биринчи сугаруу тутуму болуп эсептелет. Кара-Кулжа дарыясынан алынган каналдын суусу адырдын ортосунан бөлүп, шаарды аралап агып өтүп, Кызыл-Кырман айылынан Жазы дарыясына кошулат. Өзгөн арыктын узундугу 37 километр, эң терең жери 25 метр, эң кенен жери 30 метрди түзөт. Канал туруктуу суу артериясы катары жайылма жана жээк трассаларын түзгөндүгү менен да өзүнүн байыркылыгын далилдеп турат. 1950-жылдары жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдө археологдор каналдан пайдаланып турган 90дон ашуун калктуу конушту, анын ичинде Кара-Дарыя, Дөң-Булак жана Өзгөн шаарын белгилешкен.