Башкы бет Музей жөнүндө Тарыхый жерлер Экспонаттар Виртуалдык тур Аудио гид Билеттер Иш-чаралар Кызматкерлер 🔍 Издөө
KY RU EN

Шоро-Башат шаар чалдыбары

Шоро-Башат шаар чалдыбары #8
📅 Доору IV–I кк. б.з.ч.
📍 Жайгашкан жер 8 км Өзгөндөн түндүк-батышта
🏆 Статусу Республикалык маани

Биздин заманга чейинки IV–I кылымдарга таандык Шоро-Башат шаар чалдыбары Өзгөн шаарынан 8 чакырым түндүк-батышта, Жазы суусунун оң жээгинде жайгашкан. Үч бөлүктөн турган шаардын жалпы аянты 70 гектарды түзөт. Чыгыштан батышты карай созулган шаар чалдыбарынын узундугу 3 чакырым, ал эми аны курчап турган чептин туурасы 38 метр, бийиктиги 8 метрге чейин жетет. Шоро-Башат чалдыбарынан көп сандаган археологиялык артефакттар табылган. Бул эстелик илимий чөйрөдө «Шоро-Башат маданияты» деген термин менен белгилүү болуп, дүйнөлүк тарыхтын байыркы өнүгүү этаптарынын бирин чагылдырат.